Sorry, you need to enable JavaScript to visit this website.

Мезим – тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн

Үй-бүлөлүк түшкү тамактануу сиздин тамак сиңирүү системаңыз
үчүн стресстик сыноо болбошу керек, бул даамдуу тамактан жана
жагымдуу кампаниядан ыракат алуу мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Алжапкыч тагынган аял
Алжапкыч тагынган аял

 

«Баарыбыз бир дасторкондо жолукканда бактылуу болом. Дасторкон – бул үйдүн жүрөгү, эркектин жүрөгүнө жол анын ашказаны аркылуу деп айтылгандай, үй-бүлөгө байланыштуу бул олуттуу мааниге ээ болот! Бирок маселе ашказаныңыз аркылуу эмне өткөнүндө гана эмес, аны сиз кандай сиңиргениңизде турат».

Сөөмөйүн жогору караткан бала жана ферменттери менен уйку бези чагылдырылган сүрөт
Сөөмөйүн жогору караткан бала жана ферменттери менен уйку бези чагылдырылган сүрөт

Кайсы азыктар тамак сиңирүүгө байланыштуу көйгөйдү жаратышы мүмкүн?

Тилекке каршы көпчүлүгүбүз жактырган көптөгөн азыктар тамак сиңирүүгө байланыштуу көйгөйдү жаратышы мүмкүн (тамак сиңирүүнү бузулушу). Эгерде сизде тамак сиңирүүдө көйгөй болсо, колдонууну чектөө зарыл болгон, кеңири таралган оңой менен сиңирилбеген азыктардын тизмеси төмөндө берилген:

 

  • Майлуу тамактар
  • Куурулган тамактар
  • Ачуу жана жыттуу тамактар
  • Буурчактар
  • Пияз
  • Газдалган суусундуктар

Жакшы тамак сиңирүү үчүн тамактануу убагында Мезим ичиңиз*

 

уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинде

МЕЗИМ деген эмне?

Мезим панкреатин деп аталган тамак сиңирүү ферменттеринин айкалышы болуп саналат. Тамак сиңирүү ферменттери негизинен уйку бези тарабынан иштелип чыгат жана майларды, белокторду жана углеводдорду сиңирүү үчүн чечүүчү мааниге ээ болушат.

 

Мезим организм аларды өз алдынча өндүрбөгөндө, тамак сиңирүү ферменттерин алмаштыруу үчүн колдонулат.

 

Панкреатиндин маанилүү ферменти болуп майларды ажыратуучу липаза саналат.

Мезим эки  өнүмү берилген сүрөт
Мезим эки  өнүмү берилген сүрөт
Колуна стакан кармаган аял эркекке жылмайып турат
Колуна стакан кармаган аял эркекке жылмайып турат

Мезим мага кандай жардам бере алат?

Мезим тамактан кийин ашказанда жеңилдик сезимин алууга жардам берет.

 

Мезимди тамактануу убагында ичиңиз.*

 

Эгерде сиз бир таблетка Мезим ичсеңиз, аны тамактын башында ичиңиз. Эгерде көп таблетка ичсеңиз, уйку безинин жеке ферменттеринин таасирин имитациялоо үчүн, аларды тамактануу убагында улам ичиңиз.

 

Мезим таблеткасын бир стакан суу менен ичиңиз.

 

Таблеткаларды эч качан чайнабаңыз жана сындырбаңыз, бүтүн бойдон жутуңуз. Уйку безинин ферменттери ооздун былжыр челин дүүлүктүрүшү мүмкүн.

 

Панкреатин, «Мезимдин» курамындагы тамак сиңирүү ферменттеринин айкалышы, толук табигый келип чыгууга ээ. Панкреатин камтыган дары каражаттары, эреже болгондой, жакшы сиңирилет жана узак дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн. **Бул сүт эмүүчүлөрдүн уйку безинин күлмайдасы.

 

Панкреатиндин дозасы жекече жана уйку безинин жетишсиздигинин оордугунан көз каранды болот.  Жалпы сунуштама – негизги тамактануу убагында майларды ажыратуу үчүн жооп берген 20 000–40 000 бирдик липаза, тамак сиңирүү ферменти.

 

Мезимди колдонуп баштагандан мурун ичмек-баракчадагы бардык маалымат менен жакшылап таанышып чыгыңыз.

 

 *уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинде

** Оорунун жүрүшүнө жараша жана дарыгер тарабынан белгиленет.

 

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги – бул уйку бези тамак сиңирүүгө жардам бере турган тамак сиңирүүчү ферменттерди жетиштүү өлчөмдө иштеп чыкпагандагы ден соолуктун абалы.

Тамак сиңирүү ферменттери – бул тамакты майда бөлүкчөлөргө ажыраткан жана мындай жол менен организмге бардык керектүү азыктык заттарды алуу мүмкүнчүлүгүн берген заттар.

Панкреатин уйку бези иштеп чыккан тамак сиңирүү ферменттеринин айкалышы болуп саналат. 

Липаза – майларды ажыратуучу тамак сиңирүү ферменти.