Sorry, you need to enable JavaScript to visit this website.

Тамак сиңирүүгө жана уйку безине байланыштуу көйгөйлөр

Чынында, тамак биздин организм үчүн отун болуп саналат: ал энергия жана маанилүү азыктык заттар менен камсыздайт. Бирок бул тамактануунун бирден бир себеби болбошу керек – тамактан ыракат алуу дагы керек! Үй-бүлө, достор же кесиптештер менен биргиликте тамактануу баалоого жана эстөөгө татыктуу көз ирмем болушу керек. Бул үчүн тамакты туура сиңирүү зарыл, ал үчүн жетиштүү санда тамак сиңирүү ферменттери талап кылынат.

 

 

Сары чачтуу жана көзүн жумган аял
Сары чачтуу жана көзүн жумган аял
Ферменти менен уйку безинин сүрөтү

Эмне үчүн жакшы тамактанууга келгенде уйку бези маанилүү болот?

Бул ферменттер уйку безинде иштелип чыгат. Мурда адамдар чоюлма консистенциясы менен уйку бези – бул болгону ашказанды коргогон жыт берүүчү деп ойлошкон. Бирок чынында андан артык нерсе. Уйку бези иштеп чыккан ферменттердин аркасында биздин организм тамакты майда бөлүктөргө ажырата алат, алар ичегиден кан агымына алынып барылат жана ткандарга жана органдарга берилет.

 

Эгерде уйку безинде бир нерсе туура эмес болсо, анда ал жетиштүү ферменттерди өндүрбөйт. Тамак жетиштүү ажыратылбайт, анын натыйжасында тамак сиңирүүгө байланыштуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Дарыгериңиз менен тамак сиңирүү көйгөйлөрүн талкуулаганда, ал «уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги» деген терминди колдонушу мүмкүн, бул жөн гана уйку безинин ферменттеринин жетишсиздигин билдирген медициналык термин.

Изображение с желудком и поджелудочной железой
  1. Саламат уйку бези
    Уйку бези иштеп чыккан тамак сиңирүү ферменттери белокторду, майларды жана углеводдорду майда бөлүкчөлөргө ажыратат.
  2. Тамак сиңирүү көйгөйлөрү бар бейтап
    Эгерде уйку безинин ишинде кандайдыр бир бузулуулар болсо, бул тамак сиңирүү ферменттеринин жетишсиздигин билдирет, мында майлар, белоктор жана углеводдор талаптагыдай ажыратылбайт.
  3. Мезим ичип жаткан бейтап
    Мезим жетпеген ферменттерди толуктайт жана тамакты сиңирүүгө жардам берет.

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинен кимдер жабыркашы мүмкүн?

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги бардык курактагы адамдарда пайда болушу мүмкүн, бирок жашыңыз өткөн сайын, сиздин тамак сиңирүүңүздүн уйку бези менен байланыштуу болгон көйгөйлөрүнүн тобокелчилиги жогорулайт.

Кызгылт көйнөкчөн кыз
Кызгылт көйнөкчөн кыз
Алжапкыч тагынган аял
Алжапкыч тагынган аял
Улгайган эркектин портрети
Улгайган эркектин портрети
Колу менен ээгин кармап, ойлонуп турган аял
Колу менен ээгин кармап, ойлонуп турган аял

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинин симптомдору

Симптомдору жеңил жана орточодон оорго чейин болот жана төмөндөгүлөрдү камтыйт:

 

Жеңил симптомдор: Начар сиңүүчү, майлуу, ачуу же бөтөнчө тамакты жегенден кийин ашказандагы ыңгайсыздык же оордук сезими.*

 

Орточо симптомдор: ич оору, көңүл айлануу, кусуу, зарна, ич көбүү же ич өтүү сыяктуу диспепсиялык симптомдор.*

 

Оор симптомдор: өнөкөт ич оору, ич өтүү жана стеаторея (заңдагы май), салмак жоготуу, остеопороз ж.б.*

 

*Дарыгер гана уйку безинин экзокриндик жетишсиздигин аныктай алат.
 

 

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги жана анын себептери

Сиздин тамак сиңирүүгө байланыштуу көйгөйүңүз уйку безинин функциялары менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин ойлонуп көрдүңүз беле? Уйку бези жетиштүү өлчөмдө тамак сиңирүүчү ферменттерди өндүрбөгөн оору уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги деп аталат.

Уйку бези тиешелүү түрдө иштей албай турган айрым кырдаалдар, ошондой эле медициналык абалдар:

кум сааттын белгиси
кум сааттын белгиси

Курак

Жаштын өтүшү менен тамак сиңирүү ферменттерин иштеп чыгуунун төмөндөшү нормалдуу көрүнүш. Жашыңыз өткөн сайын уйку безинин функциясына байланыштуу тамак сиңирүү көйгөйлөрүнүн өнүгүү ыктымалдуулугу ошончолук жогору болот.

сыра кружкасынын белгиси жана тамеки күлүн таштагычтын белгиси
сыра кружкасынын белгиси жана тамеки күлүн таштагычтын белгиси

Алкоголь ичүү жана тамеки тартуу

Үзгүлтүксүз алкоголь ичкен жана тамеки тарткан адамдар өнөкөт панкреатит менен байланыштуу уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинен көп жабыркашат.

шприцтин белгиси
шприцтин белгиси

Диабет

Диабет менен ооруган адамдар дагы уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинен жабыркашы мүмкүн, анткени ден соолуктун бул эки көйгөйү тең уйку бези менен байланыштуу.

Н оорукана белгиси
Н оорукана белгиси

Операциядан же жаракат алуудан кийин

Эгерде уйку безинин бир болүгү хирургиялык жол менен алынып салынса (шишик, жаракаттан кийин ж.б.), анын функциясы да жабыркайт.

ген белгиси
ген белгиси

Генетикалык оорулар

Мисалы, балдарда уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинин кеңири жайылган себеби муковисцидоз болуп саналат.

«Тамеки тартууну таштаңыз» белгиси
«Тамеки тартууну таштаңыз» белгиси
«Алкоголго жок» белгиси
«Алкоголго жок» белгиси

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги менен кантип жашоо керек?

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздигин дарылоо PERT дары каражаттарын (панкератин ферменттерин алмаштыруучу терапия), пайдаланууну, нормалдуу, чектебеген жагыштуу тамактанууну жана айрым жашоо образын өзгөртүүнү камтыйт. Бул аспекттерди айкалыштыруу гана сизге симптомдорун жеңилдетүүгө, кайрадан тамактан ыракат алууга жана толук кандуу жашоого жардам берет.

 

Эмне жеп жатканыңызды жана ушундан кийин өзүңүздү кандай сезгениңизди көзөмөлдөңүз. Ошондо сиз сиздин симптомдоруңузду начарлаткан азыктардан алыс боло аласыз.

 

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги бар бейтаптарга майдын азыраак өлчөмү менен катуу диета сунушталбайт. Мунун ордуна сиз клетчаткана бай азыктардан алыс болушуңуз керек. Клетчатка оор сиңирилет, мындан тышкары, ал уйку безинин липазасын (майларды ажыратуучу тамак сиңирүү ферменти) инактивдештирет.

 

Жогореу энергетикалык тамакты тез-тезден жана аз порциялар менен жеңиз.

 

Сиздин рацион тамактанууга болгон муктаждыгыңызды канааттандыра турганына ишенимдүү болуу жана чала тоюу, витаминдердин жетишсиздиги же остеопороз сыяктуу уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинин оордошууларынан алыс болуу үчүн, диатеологдон консультация алыңыз.

 

Ар бир тамактануу менен PERT ичиңиз. Панкреатинди (тамак сиңирүү ферменттеринин айкалышы) колдонуп баштагандан мурун, ичмек-баракчадагы маалыматты жакшылап окуп чыгыңыз.

 

Тамеки тартууну таштаңыз. Алкоголь ичпеңиз.

Мезим өнүмүнүн сүрөтү

Уйку безинин тамак сиңирүү ферментин алмаштыруу үчүн сиз тамактануу убагында Мезим ичишиңиз керек. Мезим тамактан кийин ашказанда жеңилдик сезимин алууга жардам берет.

Ошондой эле сиз жашоо образына айрым өзгөртүүлөрдү киргизишиңиз керек, алар негизинен сиздин тамактанууга жеке муктаждыгыңызга жооп берген балансталган диетаны (мында жеке сезгичтик маанилүү фактор болуп саналат), ошондой эле алкоголдон жана тамеки тартуудан баш тартууну камтыйт.

 

Муковисцидоз (МВ) – бул негизинен өпкөнү, ошондой эле уйку безин, боорду, бөйрөктөрдү жана ичегини жабыркаткан генетикалык оору.
PERT – бул уйку безинин экзокриндик жетишсиздиги учурунда уйку безинин тамак сиңирүү ферменттерин алмаштыруу үчүн колдонулган дары түрү.