Күрп эти менен жеңил бургер


Ингредиенттер тизмеси:
- 500 гр. күрп этинин фаршы
- 1 тишче сарымсак
- 1 лимондун ширеси
- 3 аш кашык майдаланган пармезан
- кичине тутам тармал ашкөк же сизге жаккан башка жаңы көк өсүмдүк.
- 3 аш кашык грек йогурту
- 1 пияз
- 1 салат ромэн
- 4 кичинекей булочка
- 2 помидор
- Туз, калемпир
Даярдоо процесси:
- Йогуртту сарымсак (каалоого жараша), лимон ширеси, эки кашык майдаланган пармезан жана көк өсүмдүк менен аралаштырыңыз.
- Татымалдын жарымын кичинекей табакка салып коюңуз.
- Татымалдын экинчи жарымын фарш жана пияз менен аралаштырып, андан кийин катыктайбыз (туз, калемпир салуу).
- 4 котлет жасап, аларды грилде 15-20 мүнөт, алар толук даяр болгончо бышырыңыз.
- Котлет грилде бышып жатканда, салатты йогурт татымалы м енен аралаштырып, булочканы кесиңиз.
- Котлетти булочкага салып, үстүнө бир аз салат жана бир нече тилим помидор салыңыз.
- Бургерди калган салат менен бериңиз, калган пармезанды үстүнө себип коюңуз.